17:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөттүн бир катар мүчөлөрү отставкага кетти (тизме)

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык өкмөттүн айрым мүчөлөрү оставкага кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык:

— Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Бактыбек Аманбаев өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

— Кыялбек Мукашев финансы министринин кызматынан бошотулду;

— Марат Жаманкулов юстиция министринин кызматынан бошотулду;

— Санжар Муканбетов экономика министри кызматынан бошотулду;

— Тилек Токтогазиев мурда дайындалган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

— Бакыт Бердалиев транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

— Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

— Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду;

— Эрлис Тердикбаев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду;

— Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Алтынбек Исмаилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар