09:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Кумтөр Голд Компани»: Кендин аймагы 2009-жылдан бери өзгөрө элек

Бишкекте экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды. УКМКнын маалыматында, ага коюлган айыптардын бири — «Кумтөр» кенине геочалгындоо жүргүзүү жана алтын өндүрүү үчүн кошумча жер бөлүп берген.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.

Компаниянын билдирүүсүндө, Кумтөр 266,6 чарчы чакырым аянтка (же 26 миң 660 гектар) лоицензияны 1997-жылы алып, аны 2005-жылы уланткан.

«Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылдын 24-апрелинде түзүлгөн жана 2009-жылдын 6-июнунда кайра каралган келишим боюнча кендин аянтты 26 миң 400 гектарды түздү. Лицензия менен келишимдеги айырмачылык жайгашкан жерин тактоо жана эсептөө ыкмасына байланыштуу.

Келишимдеги аянт лицензияда көрсөтүлгөн жерден башка кошумча жерди камтыбайт.

«Кумтөр Голд Компани»

«Кайра каралган концессиялык келишим» Кыргызстандын өкмөтү менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ортосунда 2009-жылдын 6-июнунда түзүлгөн. Ал «Кумтөр» кени боюнча келишимдеги жаңы шарттарды аткаруу үчүн макулдашулган. Аны Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөргөн.

Келишимде тараптардын бир катар милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери көрсөтүлгөн. Анда аянтты (26400,8 гектар), «Кыргызалтын» «Центерра Голд Инк.» 43 миллион 532 миң 615 сомдук акциясын алып, үлүшүн 43,8 пайызга чейин көбөйтүшү каралган.

Учурда Кыргызстандын акциялары 834 миллион долларга барабар.

Келишим боюнча «Кумтөр Голд Компании» Кыргызстанга 22 миллион доллар төлөдү.

«Азыр компания 26 миң 400,8 гектар жерге 2042-жылдын 4-декабрына чейин ээлик кылат», — дейт компания.

Учурда чалгындоо иштери борбордук аянттын чегинде жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар