03:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаровду Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов куттуктады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду ишке киришиши менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турарын белгилейт.

«Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат», — дейт ал.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Түркмөнстанга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар