USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Өзбекстанда Мирзиёевдин сапары алдында жол тоскон жарандар жазаланды

15:43, 27 января 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды.

Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды.

Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана «Митинг уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Пахтакор районундагы Навбахор маалесинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жашоочусу бул иш боюнча эркек кишилер гана соттолгонун билдирди.

«Биз акцияга чыккан күнү ички иштер башкармалыгына чакырып, түшүнүк кат жаздыртышты. Эртеси мени жана дага төрт тургунду райондук милиция бөлүмүнө алып барып, эртең мененки саат 10дон кечке чейин ачка кармашты. Алгач суракка алып, кечинде сотко жеткиришти. Ал жерде адвокат да, прокурор да болгон жок. Отурумга сот, анын катчысы жана бизди алып барган милиция кызматкерлери гана катышты», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика