16:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Оштогу музыкалык окуу жайына жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда директор болуп дайындалды.

Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды.

Эске салсак, ырчы Самара Каримова директор болом деп, бирок окуу жайдын жамаатынын нааразычылыктарынан улам директорлук кызматтан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар