04:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Моралдык укугу жок! Вице-премьер Каримованын дайындалышы тууралуу пикирин айтты

Самара Каримовада музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуш үчүн моралдык укук деген түшүнүк болушу керек. Бул тууралуу соцтармакта вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жазды.

Анын айтымында, бизде мыйзамдуулуктун сакталышы көп талап кылынат, бул абдан туура.

«Баарыбыз кырдаалга укуктук көз караш менен карашыбыз керек. Бирок дагы бир жагдай бар — моралдык укук. Жакын адамына, түшүнгөнүм боюнча, өтө жогорку адеп-ахлакка ээ болуп кетпеген жолдошуна карата ишмердүүлүгү боюнча иликтөө болгон... Менимче, Самара Каримовада өзүн-өзү идентификациялоо жана музыкалык училищанын директору болууга моралдык укукту түшүнүү сезими болушу керек. Баарынан дагы жалпы жамаат каршы чыгып жатса», — деди вице-премьер-министр.

Эльвира Сурабалдиева биздин мамлекетте мындай ашыкча кеткен көрүнүштөр орун алып жатканы үчүн окуу жайдын жамаатынан кечирим сурап, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдон ырчынын билим берүү мекемесинин башчысы болуусу канчалык мыйзамдуу экенин карап чыгууну тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар