20:18
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда, Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөбүз өнүгүү жолунда кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатат.

«2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү баарыбызга белгилүү окуялар өлкөбүз кескин жана системалуу өзгөрүүлөргө муктаж экендигин көрсөттү. Коррупция, кландар жана өнүкпөгөн партиялык система акыркы жылдарда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн токтотуп жаткан башкы деструктивдүү факторлордон болуп калды. Өлкөгө кыйла натыйжалуу болгон мамлекеттик башкаруунун моделин иштеп чыгуу аркылуу жаңылануу зарылдыгы айкын болду», — деди Талант Мамытов.

Айтымында, жаңы Конституциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, ал талаш-тартыштарды жаратты.

«Үч элдик толкундоолорду башынан өткөргөн өлкө катары биз жарандардын бардык айтып жаткан пикирлерин түшүнүү менен кабыл алабыз. Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн баса белгилейм. Буга байланыштуу Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Мен Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары тийиштүү Жарлыкка кол койдум», — деди ал.

Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

«Конституциялык кеңешменин иши максималдуу түрдө ачык-айкын жүргүзүлөт. Ар бир жарандын пикири эске алынып, өлкөнүн бардык элин бириктирүүчү фактор, республиканын мындан аркы өнүгүүсүнүн кепилдиги боло турган Баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгабыз деп ишенем», — деп сөзүн бүтүрдү Мамытов.

Эң көп окулган жаңылыктар