17:08
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Бишкек санитардык полигону» ишканасына жаңы директор дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Наматов ээлеген кызматынан бошотулду.

Эми ишкананы Адил Назаров жетектейт, буга чейин ал «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлүбаев кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби