05:16
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Бишкек ЖЭБинин директору Финполго чакырылды

Бишкек Жылуулук электр борборунун башчысы Андрей Воропаев бүгүн, 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына келди.

Айтымында, ал мекемеге Бишкек ЖЭБи боюнча ачылган иште «кеңешүү» үчүн келген.

«Учурда документ топтоо жүрүп жатат, эч кандай сурак болгон жок», -деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Финпол Бишкекти каптаган кара түтүндүн себептерин териштире баштаган. Бул боюнча Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар