10:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мирбек Атабеков эмнеге Америкага кетип калганын ачыктады

Ырчы Мирбек Атабековдун үй-бүлөсү коркутуулардан эмес, жеке себептерден улам Америкага кетишти. Бул тууралуу анын жубайы Мээрим Төлөпберген Твиттер баракчасына жазды.

Анын айтымында, ырчынын кышында өнөкөт жөтөлү башталат.

«Бизди эч ким коркуткан жок. Биз жеке себептерден улам кеттик. Акыркы үч жылдан бери жыл сайын эле Жаңы жылга жакын шаардан алысыраак кетүүгө аракет кылабыз, ошондо гана Мирбекти кыйнаган жөтөлү басаңдайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен декабрь айында Америкага кеткен. Ал жакта ырчынын кайын-журту жашары белгилүү. Мээрим Төлөпберген үч баласын тең АКШда төрөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума