17:20
USD 84.80
EUR 102.34
RUB 1.12

Мирбек Атабеков журналисттерден чагымчыл темаларда атын колдонбоону суранат

Ырчы Мирбек Атабеков журналисттерден анын атын колдонуп чагымчыл темаларды жазбоону суранат. Бул тууралуу ал инстаграм тармагындагы баракчасында жазды. 

Ырчы катардагы жаран катары Кыргызстандын өнүгүп- өсүүсүн колдоп, жемкорлукка каршы экенин белгилейт.

«Мен эч кимди, эч кимдин позициясын колдобойм. Келечекте дагы эч бир партияга, шайлоого талапкерге дагы колдоо көрсөтпөйм. Мен саясатчы эмесмин, жөн гана жаранмын. Менин атымды колдонуп чагымчыл темаларды жазбоону суранам. Кеп тынчтык митинги жөнүндө болчу», - дейт ал.  

Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков, Эрбек Нурбаев жана бир катар шоу-бизнес өкүлдөрү "Азаттык" радиосунун бажы тармагындагы коррупция боюнча иликтөөсүнөн кийин өз баракчаларына жемкорлукка каршы пикирин билдирген пост жарыялашкан. Айрым массалык маалымат каражаттары алардын Бишкекте өтө турган митингге чыгарын жазып чыгышкан. Бирок, шоу бизнес өкүлдөрү бүгүнкү акцияга кошулган жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар