11:03
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

COVID-19. Бир суткада 191 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

Бир суткада 191 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 64, Ош шаары — 4, Чүй облусу — 46, Ош облусу — 9, Талас облусу — 7, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 27, Жалал-Абад облусу — 24, Баткен облусу — 5 кишиден вирус табылды.

Бишкекте бир бейтап каза болду.

Март айынан бери 81 миң 34 киши вируска чалдыгын, 1 миң 355 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар