22:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Ыктыярчылардын жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун тууму өсүүдө

Ыктыярчылардын жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун тууму өсүүдө. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Ал пандемия маалында жеке унаасы менен ооругандарды ташып, дарыгерлерди жеткирип жүрүп, жол эрежесин бузууга мажбур болгон ыктыярчылардын маселесине токтолду.

«Аларга коюлган жаза пул күндөн-күнгө тууму менен кошо көбөйүп жатыптыр. Өкмөт аларга ыраазычылык билдириштин ордуна мындай кылып жатканы туура эмес», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума