23:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Эльвира Сурабалдиева жеке медициналык мекемелерди текшерүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды дарылоо менен алектенген жеке медициналык мекемелердин ишин талдоого алууну тапшырды. Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине берилди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы жеке ооруканалардын биринде дарылануу жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ооруканага которулган 9 адамдын 8и каза болгондугу, абалды көзөмөлгө алып жана талдоого алуу зарылдыгынан кабар берет.

Ал Саламаттык сактоо министрлигин жеке медициналык мекемелери жетишсиз деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн сынга алды.

«Бизге аймактардагы жеке клиникалар COVID-19 дарылоо алкагында медициналык көмөк көрсөтүү боюнча кандай иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу отчет берилди. Бирок аймактардагы чыныгы абал мындан кескин айырмаланып турат. Жарандарды дарылоодогу ыкмаларды жана расмий протоколдорду көзөмөлдөө болбой жатат. Жалал-Абад облусундагы окуя кайталанбашы керек. Саламаттык сактоо министрлиги абалды көзөмөлгө алуусу тийиш. Медициналык борборлор жана клиникалар кантип лицензияга ээ болушат, алардын ишин ким көзөмөлдөйт, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөөлөр канчалык деңгээлде бекитилген талаптарга жооп берет деген суроолор пайда болот. Ошондуктан жеке медициналык мекемелердин ишин каралган функция жана милдеттеринин алкагында тийиштүү мониторингдөө жана баалоо жүргүзүү зарыл. Бул маселеде шалаакылык жана көзөмөлсүздүккө жол берилбеши керек, мындан жарандарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү көз каранды», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы министрликтин координаторлоруна ишинде кетирген кемчиликтери үчүн дисциплинардык жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо тапшырмасы берилди.

Ал ошондой эле жеке жана мамлекеттик ооруканалардын ишиндеги кемчилиги боюнча териштирүү учурунда жоопкерчилик катардагы дарыгерлерге эмес, аталган медициналык мекемелердин жетекчилерине жүктөлөөрүн баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар