11:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров өлкөдөгү баардык мектептерди текшерип чыгууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы № 18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Отурумдун жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы № 18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар