00:02
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Парламент референдум жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Парламент референдум жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Добуш берүүнүн алдында 63 депутат каттоодон өттү.

Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев каршы добуш беришти.

Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоору кабыл алынды.

Документ кыргызстандыктар башкаруунун кандай формада — пардаменттик же президенттик түрдө жашагысы келээрин сунуштайт.

Эске салсак, өткөн аптада депутаттар кворум чогулта албай, добуш берүүнү кийинкиге калтырышкан.