20:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Талапкерлер үчүн ар бир добуш 12 −5 миң сомго турду

Президенттик ат салышкан талапкерлер үчүн ар бир добуш 12 −5 миң сомго турду.

Боршайкомдун талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фондунан короткон акчанын эсебин алып, алар алган добушка бөлүп чыксак, айрымдар үчүн ар бир колдоо өтө кымбатка турганын байкайбыз.

БШКнын 9-октябрга берген маалыматына ылайык, Сооронбай Жээнбеков 98,5 миллион сом сарптаган. Ал 917 миң 219 добуш алды. Ар бир добуш 107,4 сомго туура келет.

Өмүрбек Бабанов ар бир шайлоочуну 349,3 сомго макул кылган. Бирок, баарынан Арсланбек Малиев үчүн берилген добуш кымбат болду: 4 миң 961,35 сом. Адахан Мадумаровдун добуштары эң арзан — 12,65 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар