20:06
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мигранттар кантип добуш берет? Депутаттар маселени чечүүнү сунушташты

Депутат Дастан Бекешев ардактуу консулдуктардын аймагында мигранттардын добуш берүүсүн кантип камсыздоо керектигин айтты. Ал маселени мыйзамдык деңгээлде чечүүнү сунуш кылды.

Айтымында, ал шайлоо участкаларын дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймактарында, Кыргызстандын консулдук мекемелеринде уюштурууга каршы эмес. Бирок, мыйзам тарабынан консулдук аймактарды Кыргызстандын ардактуу консулу катары түшүнүү аныкталган эмес.

«Консулдук округдарды киргизүү балким чет жерде жүргөн шайлоочулардын санын көбөйтүшү мүмкүн. Бирок ошол эле учурда аларды көзөмөлдөө оор болот. Анткени ардактуу консулдуктарда жашыруун добуш бергенге ылайыктуу имараттары жок. Добуш берүүнүн сырлары ачыкка чыгып калуу коркунучу бар, ошондой эле башка бирөөлөр үчүн добуш берүү учурлар катталышы ыктымал», -деди депутат.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев ардактуу консул- бул дипломатиялык кызматкер эмес, алардын функциясы декларативдик мүнөздү алып жүрөт деп айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар