13:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ТИМ өнөктөш мамлекеттерден жана уюмдардан өлкө үчүн жардам сурап жатат

Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Министрдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маселелер — коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна каршы күрөшүүгө, президенттик, парламенттик шайлоо менен конституциялык реформаны өткөрүүгө, эң негизгиси — бюджеттеги 35-50 миллиард сомго чейин жетиши ыктымал болуп жаткан тартыштыкты жоюуга жардам суралууда.

Казакбаев бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга эл аралык уюмдардан жардамды токтотуу жөнүндө кандайдыр бир расмий документ келбегенин айтты.

Анын айтымында, өнөктөш өлкөлөр жана Кыргызстан менен кызматташкан эл аралык уюмдар азыркы учурда ички саясий окуяларга байкоо жүргүзүп жатышат.

«Азыр дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы шайлоодон кийинки саясий окуядан соң түзүлгөн кырдаалга өзгөчө кунт коюп карап турат. Көптөгөн суроолор болуп жатат, аларга жооп берип жатабыз. Долбоорлорду токтотуу тууралуу расмий кагаз ала элекпиз. Мен элчилер менен жолукканда да алар тынчсыздануусун билдирип, бирок долбоорлорду токтотуу маселеси жок экенин айтып жатышат», — деди ал.

Казакбаев Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, АКШ жана Евробиримдикке кирген негизги донор өлкөлөр — Германия, Англия сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бүгүн иш сапары менен Казакстанга барарын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар