USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

14:26, 23 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Исламабадда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин (ИКУ ТИМК) жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажик кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле Министрлер жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышты.

Эки тараптуу мамилелерди активдештирүү максатында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, Министрлер алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашып, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө бул жогорку деңгээлдеги регионалдык платформанын уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилешти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика