22:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөттө бала бакчалардын ишин жандандыруу талкууланды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова, ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат беришти.

Назира Артыкова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Т.Гебресиестин өлүмдүн алдын алуу, саламаттыкты сактоо тутумундагы маселелер жана мектептердин жабылышына жол бербөө үчүн шашылыш чараларды көрүү боюнча өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылуусун айтты. Ошондой эле вирус жуктуруп алгандар, обочолонуу жана карантин чаралары жөнүндө маалыматтарга объективдүү жана так талдоо жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди. Эгерде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк биргелешип, санитардык-эпидемиялык чаралардын сакталышын камсыз кыла алышса, анда мектептерди жабуунун кажети жок экени айтылды.

Мектептер ачылса, бардык мамлекеттик органдар жергиликтүү деңгээлде көзөмөлдү күчөтүү жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин так аткарылышы үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин Исмаилова баса белгиледи.

Ал өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоону, ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар