02:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек арадагы ок атуу. Тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады

Тажикстандын жарандары такталбаган чек ара тилкесинде орнотуп жаткан суу түтүктөрүн ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын курган.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 14:50дө тажик тарап кечээ такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесинде орнотуп жаткан суу түтүктөрүн демонтаж кыла баштады», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышканда, эскертүү катары асманга ок атылган. Ошондон кийин түтүк өткөрүү иши токтотулуп, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзө башташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар