21:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда, саат 17:00 чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрө башташкан.

«Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Тажик тарап баш ийбей, кайым айтыша кеткен. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту», — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар