11:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Базардагы ишкерлер чек ара маселесин чечип берүүнү суранат

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери ишкерлер жана жүк ташуучулар өз товарларын ала албай жатышат.  Бул тууралуу Базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева экономика министри менен ишкерлердин жолугушуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, соодагерлердин үч сезондо иштей алган жок, эми төртүнчүсү да үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат.

«Кытай менен чек ара жабылган соң ишкерлер беш айдан бери товарларын ала албай жатышат. Күн сайын кырдаал курчуп баратат, көбүнүн насыясы бар, ишкерлер, жүк ташуучулар жана соодагерлер өтө оор абалда. Биз чек арада жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, товарларды алууга жардам берүүнү сурайбыз», - деди ал.

Экономика министри Санжар Муканбетов айыл чарба жана азык-түлүк товарларын өткөрүү алгоритмин кытай тарап менен кайра карап чыгып, бул маселенин тезирээк чечилишине кызыктар экенин билдирди.

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүү 3,5 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу бул 22,1% төмөн. Импорт 31,6% түшүп, экспорт 3,5% көбөйдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума