23-24-октябрларда аба ырайынын кескин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка караганда, абанын температурасы +7; +1 градуска чейин төмөндөйт.
Толуу аймактарда кар түшкөндүгүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөргө өтүү зарылдыгын эскертет.