06:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн алып кетүү үчүн кезек түзүлдү

Ташкент облусунун Зангиата районунда жарандар коронавируска кабылган бейтаптарды дарылаган ооруканадан жакындарынын сөөгүн алып кетүү үчүн бир нече күн кезекте турууга аргасыз болуп жатышат.

Бул тууралуу 18-октябрда жергиликтүү басылмалар социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмага таянып билдиришти.

Видеодо жарандар оорукана жетекчилигинен «сөөктөрдү жууган кызматкерлерди көбөйтүүнү» талап кылып, мекеме өкүлү аларда «мындай мүмкүнчүлүк жок экенин» айтып жатканын көрүүгө болот.

Азырынча Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги же башка расмий органдары бул видео боюнча комментарий бере элек.

18-октябрда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Абдухаким Хажибаев аталган ооруканага барганда жазылган делген аудиожазуу тараган. Анда министрдин орун басары: «Күн сайын кычкылтек басымынын төмөндөшүнөн бир нече киши өлүп жатат. Дарыгерлерди түрмөгө камаш керек. Мен өзүм отургузам. Зангиатадан баштайбыз», — деген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума