18:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президенттикке шайлоону депутаттар 6-ноябрга чейин жарыялашы керек

Президенттикке шайлоону Жогорку Кеңештин депутаттары жарыялашат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, парламенттин депутаттары президенттик шайлоонун күнүн 6-ноябрга чейин аныкташы керек.

«Президенттик жана парламенттик шайлоону чогуу өткөрсө болот. Ага 400-450 миллион сом сарпталышы мүмкүн», — дейт Кайрат Осмоналиев.

Белгилей кетсек, президенттин отставкасынан кийин үч ай ичинде шайлоо өтүүсү зарыл. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда отставкага кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар