19:20
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолугушту. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына белгилүү болду.

Маалыматка караганда, эки тарап кантип биримдикке келүү жолун талкуулашты.

Буга чейин Роза Отунбаева тараптарды ынтымакка келтирүү үчүн ортодо сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин белгилеген.

5-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Анда 12 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын басып алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар