Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды.
Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео социалдык желеге тарады.
Андан кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан чыгарылды.
Ага чейин Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков абактан чыгарылганы кабарланды.