09:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жүздөн ашуун киши ооруканага түштү

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборуна жана Улуттук госпиталга ар түрдүү жарат менен 75 киши жеткирилди. Алардын арасында укук коргоо органдарынын 46 кызматкери бар, өлгөндөр жок.

Бул арада Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте 5-октябрь күнү саат 24:00гө карата 120дан ашык адам жаракат менен ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборуна 65 адам түшкөн, анын кыркы күч органдарынын кызматкерлери. Эки бейтап реанимацияга жаткырылган.

Улуттук госпиталга 40 жабырлануучу кайрылып, экөө башынан жаракат алып, реанимацияга түштү. Улуттук хирургия борборуна жети бейтап кайрылды.

Ошондой эле Бишкекте «Тез жардам» кызматынын фелдшерине кол салуу болуп, ооруканага түштү. Эки «Тез жардам» машинеси талкаланды.

Жараат алгандардын арасында парламент депутаты, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Жанарбек Акаев, мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бар.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар