16:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалыматы кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, кызматташуунун азыркы абалы менен келечегин талкуулайт. «Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт», — деп айтылат маалыматта.

РФке барчу делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Россияга болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби