04:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

COVID-19. Англиянын илимпоздору кышында өлүмдүн саны көбөйөрүн айтууда

Улуу Британиянын башкы илимий жана медициналык кеңешчилери кышында коронавирустан көз жумгандардын саны он миңдеген кишиге жетип, ал эми карантин жарым жылга уланарын айтышууда. Бул тууралуу The Times билдирет.

Башкы кеңешчи Патрик Валлансанын айтымында, жакынкы эки айдын ичинде чара көрүлбөсө, Британияда ооругандардын саны 50 миңге жетип, күнүнө 200дөн ашуун адам көз жумат.

Алар жылдын аягына чейин калктын айрым топторуна гана вакцина жетип, бирок вируска каршы дары-дармектер 2021-жылдын биринчи жарымында гана колго тийерин божомолдойт.

Учурда Британияда ооругандардын саны өсүүдө, аларды ооруканага жаткырып, андан соң тилекке каршы, көбү каза болот. Мунун баары көз ачып, жумгуча болуп кетиши мүмкүн.

Патрик Валланса

Ал эми профессор Крис Уиттинин маалыматына ылайык, ооругандардын санынын өсүшү «кимдир бирөөнүн көйгөйү» деп айтыш болбойт, себеби инфекция кеңири таркады. «Алгач биз ооругандарды кызмат орундарда же башка жердерде чанда гана кезиктирчүбүз Андан кийин илдетти жугузгандардын саны аймактарда өсө баштап, шаарларга тарады. Эми вирус өлкөнүн борбордук бөлүгүн каптап кетти», — деди ал.

Убагы келгенде, вирус алсызданат деген үмүтүбүздү таш капты профессор Уитти. Анын айтымында, коронавирустан көз жумгандардын саны кадимки сасык тумоодон каза болгондордун санынан «алда канча жогору» болот, кышкысын грипптен жылына орто эсеп менен 7 миң адам өлөт, эң эле катаал жылдары анын саны 20 миңден ашып түшөт. «Бул вирус грипптен да коркунучтуу, ошондуктан ооруну жугузуп, андан көз жумгандардын саны бизди ойлонтушу керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума