БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков онлайн катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.
21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган жыйыны болот.
Бул иш-чарада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.
Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле жалпы дебаттар өтүп, 23-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.
Быйыл БУУнун жыйындары онлайн режимде өткөрүлөт.