23:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аравандагы мушташ. Өкмөт башчы окуяны тез иликтөөнү буйруду

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, кечээ Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Ильхом Маннанов шайлоочулар менен жолугушуу уюштуруп жаткан кезде мушташ чыккан. Ага катышкан айрым кишилер «Биримдик» партиясынын кепкаларын кийип алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума