00:51
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкектиктердин 27 пайызы шайлоодо баарына каршы добуш бермекчи

Ордо калаабыздын тургундарынын 27 пайызы парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу «Жалпыбыздын иши» Коомдук фондунун серепчилери жүргүзгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандардын айтымына караганда, алар шайлоодо ат салышып жаткан 16 партиянын бирине да ишенбейт.

24.kg маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, саясатчы Эмиль Жураев, баарына каршы добуш бергендердин саны жети пайыздан ашып түшсө, ал эми партиялар добуштардын керектүү санын топтой албаса, шайлоо өткөн жок деп эсептелинээрин билдирди. «Мында аймактык квота эсепке алынбайт. Добуштардын көбүн ордо калаабызда гана топтоо жетиштүү болот», — деди ал.

Ал эми жарандардын 58 пайызы добушун кимге берээрин алигиче билбейт.

Чүй облусунда шайлоодо добушун баарына каршы жарандардын 23 пайызы бермекчи, Ош жана Ысык-Көл облустарында — 17 пайыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби