16:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ковид менен грипптин айырмасы: жайылышы, белгилери жана ага каршы дарылар

Күз келип, күн суутуп, сезондук оорулар күчөдү. Аны менен бирге COVID 19 токтой элек. Көптөр грипп менен коронавирусту адаштырып кабыл алышат. Негизи экөө тең респиратордук илдеттерге кирет. Ошол эле учурда экөөнүн организмге таасири жана жайылышында чоң айырмачылыктар бар.

Грипп дагы COVID 19 дагы респиратордук ооруларга кирет

Грипп дагы COVID 19 дагы респиратордук ооруларга кирет. Вирустар дем алуу органдарына залака тийгизет. Андан сырткары, эки илдет тең организмге ар кандай таасир берип, айрым өнөкөт ооруларды күчөтүшү мүмкүн. Вирусту жугузгандар оору жеңил, же оор өткөрүп, өлүмгө дагы алып келет.

Эки вирус тең аба, байланышта, буюм-тайымдар аркылуу жугат. Андыктан, коргонуу чаралары дагы окшош: тазалыкты сактоо, колду жууп туруу, жөтөлгөндө чүчкүргөндө ооз-мурунду жабуу.

Грипп COVID-19га караганда тез таркайт

Грипп менен COVID 19дун негизги айырмачылыгы — бул жайылышы. Медиктердин айтымында, COVID 19 5-6 күндүн кийин башкаларга жугуп баштайт. Грипп үч күндөн кийин. Демек, грипп коронавируска караганда тез жайылат.

Адистердин айтымында, грипп менен ооруганда адамда белгилери пайда болгончо эле жугузуп баштайт. Бирок, бул көрүнүш коронавируска дагы тиешелүү. Анткени, жугузган адам өзүнүн вирусту алып жүрүүчү экенин билбей калышы дагы ыктымал.

Гриппти таркатууда балдар өзгөчө роль ойнойт. Ал эми коронавируста балдарга, 19 жашка чейинкилерге аз жугат. Кытай адистеринин айтымында, балдар коронавирусту жуктуруучу болуп саналбайт, тескеринче, аларга чоңдордон жугушу мүмкүн.

COVID -19 илдетине кабылгандар арасында оор абалга түшкөндөр көп

Эки оорунун окшоштугуна карабай, адамдын саламаттыгына таасири ар башка. COVID-19 жугузгандардын 80 пайызында эч кандай белгилер байкалбайт, же жеңил өтөт, 15 пайызы оор, 5 пайызы өтө оор болуп, жасалма дем алдырууга муктаж болот.

Коронавирустун оор учурлары гриппке караганда көбүрөөк

Гриппке көбүнчө балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар жана саламаттыгы алсыздар кабылат. Коронавирусту кары-картаңдар менен айрым оорулары бар адамдар оор көтөрөт.

COVID- 19да гриппке салыштырмалуу өлүм көп

COVID- 19да гриппке салыштырмалуу өлүм көп катталууда. Албетте бул оорунун азырынча толук иликтенип, эмдөө жолго коюлбагандыгына байланыштуу. Коронавирусту дарылоо ыкмалары дагы талаш экенин белгилей кетели.

Гриппте өлүм 0,1 пайызды түзсө, коронавируста 3-4 пайыз.

Грипп менен COVID-19ду дарылоо жолдору

Учурда көпчүлүк өлкөлөр COVID-19га каршы дарыларды иштеп чыгып жатканы белгилүү. 20дан ашык вакцина иликтенүүдө. Кытайда айрым дарылар дагы текшерүүдөн өтүүдө. Бирок, ковидди дарылоого багытталган дары азырынча жок.

Гриппке каршы дары-дармектер аныкталган. Сезон алдында эмдөөдөн дагы өтүп алууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби