05:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. Оорудан айыккандардын туура тамактануу жолу

Коронавирустан айыгып чыккан жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактануусу керек. Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Умут Сатыбалдиеванын айтымында, толук баалуу жана туура тамактану зарыл.

1
Күнүнө 500 граммдан кем эмес жашылча-жемиш

Күнүнө 500 гр дан кем эмес жашылча — жемиштерди, 150 гр табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча —жемиштердеги витаминдердин рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот.

2
Туздун көөлөмүн азайтуу зарыл

Ооруган адам тузду 5гр дан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

3
Суюктук1,5 литрге чейин чектөө керек

Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде, дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин ичүүгө болот.

4
Куш эттерине көңүл бөлүңүз

Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен жасалган, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорполорду бир жумада эки жолу берүүгө болот. Куш эттери: тоок, индюк эттерине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу керек. Бул азыктарда омега 3 май кислотасы бар.

5
Витаминдер көбүрөөк сунушталат.

Алар организдмн кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат катары же кошумча тамак-аштан колдонсо болот. А витамини пайдалуу болгон суюк майларда: оливка жана башка майлардан табууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар