10:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

COVID-19дан кийин ден-соолукту калыбына келтирүүгө бир жылдай убакыт кетет

COVID-19 илдетине чалдыгып айыккандардын айрымдары жыт билүү, даам сезүү туюмдары калыбына келбей, кээде жөтөл токтобой, күч-кубат топтой албай жатканын айтып арызданышат. Мындай белгилер көпкө чейин уланышы мүмкүн. Айрымдар аны оор кабыл алып, ар кандай жол менен дарыланууга аракет кылышат.

Коронавирустан кийин саламаттыктын калыбына келишине канча убакыт кетет? Ооруган адамга жакындары кантип жардам берип, кандай жолду көрсөтө алат? Бул тууралуу 24.kg агенттигинин Саламаттыкты чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борборунун адиси Арнол Самиев менен маек курду.

— Саламаттыкты калыбына келтирүү канча убакытта созулат?

— Медиктер оорудан кийин организмдин калыбына келиши көп факторлорго байланыштуу экенин айтышууда. Мисалы: оорунун оор-жеңилдигине, ички органдардын жапа чегишине, дарылоо ыкмасына. Эгер оору жеңил өткөн болсо, анда киши да бат эле өзүнө келет.

Эгер вирус жугузгандан кийин бейтап катуу ооруп, ИВЛ аппараты аркылуу дем алган учурлары болсо, анда кайра калыбына келүү дагы кыйынга турат. Саламаттыгын чыңдоого бир нече ай жумшашы мүмкүн.

Вирустан кийин кишинин абалы анын физикалык активдүүлүгүнө, диетага жана муздап, же шамалдап калуудан алыс болуусуна байланыштуу.

Илдеттен кийин өпкөсүнө арызданган учурлар кездешет. Өпкөнүн иштешиндеги айрым функциялар толук кандуу иштебей, кычкылтек жетишпей, алсыздык болот. Кээ бир учурларда эс тутум жана сүйлөөнүн бузулушу байкалат.

Арнол Самиев.

Илдеттин мындан оор дагы кесепеттери бар. Анын баары өпкө жана башка органдардын жабыркоосуна байланыштуу.

ИВЛ аппаратка кошулган адамдарда бир катар башка факторлор дагы байкалат. Аппаратка кошкон кезде булчуңдарды бошотуу үчүн седативдик дарылар берилет. Баардык эле дары-дармек сыяктуу алардын дагы тескери таасири бар.

Бейтап ИВЛ аппаратка кошулган кезде анын дем алуучу булчуңдары шал абалында болгондуктан кийин бошошуп калат.

Вирусту оор көтөргөн бейтаптарга реаблитациядан өтүү үчүн колдоо керек. Алардын жанында бирөө жарым болгону жакшы. Бейтап стресстен алыс болуп, калыбына келүү үчүн жагымдуу жагдай түзүлүшү зарыл.

— Тезирек сакайуу үчүн эмне кылуу керек?

— Эгер адамда когнитивдүү (сезүү, эс тутум, таанып-билүү ж.б.) бузулуулар, же көңүл чөгүү байкалса, анда ага өзүнө мындан чыгуу кыйын болот. Психологтордун жардамына кайрылган оң.

Дем алууну жакшыртуу үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Аны өз алдынча жасаса болот. Өпкөгө гана эмес, жалпы денеге дагы көңүгүүлөрдү жасап, кыймыл-аракетте болгон ашыкча болбойт. Мында аз-аздан кыймылды көбөйдүү керек. Эс тутуму начарлап, кээде дааракатканага убагында бара албай калган адам өзүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгүн дагы жоготот.

— Ковидден кийин дем алуу оор болуп жаткандыгына арыздангандар бар. Аны кантип жакшыртса болот?

— Дарыгерлер бул боюнча бейтаптарына кеңеш бериши керек. Керек болсо физиотерапевттерге, спорт дарыгерлерине кайрылуу зарыл.

— Эс тутуму начарлагандар кандай аракеттерди көрүүсү керек?

— Көңүл чөгүп, стресске түшүп кетүүдөн алыс болуңуз. Психолог, психиатрлардын кеңеши зарыл.

Бирок, өтө шашылып, кабатыр болуу дагы ашыкча. Анткени, эс тутум шашпай өзүнө келет.

— Социалдык тармакта ооругандар инсульт жана инфарктка чалдыгышы мүмкүн экенин айтып коркутушууда. Кошумча текшерүүдөн өтүү керекпи?

— Ооруган адамга сөзсүз түрдө дарыгерлердин кароосунан өтүү керек. Айрыкча, эгер бейтапта башка

дагы оорулары болсо. Мисалы, астмасы, же жүрөк илдеттери болсо, анда дарыгерлердин көзөмөлүндө болгону туура.

Бирок, вирус сөзсүз эле инфарктка алып келет деп айтуу туура эмес. Анткени, ковид менен инфаркттын ортосунда түз байланыш жок.

— Бейтаптардын абалынын начарланышына өз алдынча дарылануу себеп болгону айтылды...

— Чындыгында көптөр өз алдынча дарыланууда. Ар кандай дарыларды колдонгондуктан дең-соолугуна туура эмес таасир бериши мүмкүн.

Кээ бир антибиотиктер ашказандын микрофлорасын бузат. Аны сүттөн ачытырып жасалган азыктар менен калыбына келтириш керек.

Эң көп окулган жаңылыктар