01:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шайлоо-2020. Түркия жабдуу сатып алуу үчүн Кыргызстанга $100 миң берет

Парламенттик шайлоо алдында Түркия Кыргызстанга $100 миң бөлүп берди. Бул тууралуу өлкөбүздөгү Түркия элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул каражатка шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу жабдууларын, автоматтык урна жана мониторлор сатылып алынмакчы.

«Мындан тышкары Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин (ККТА) колдоосу менен «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу» боюнча эл аралык долбоордун алкагында шайлоо убагында коопсуздук сактоого багытталган тренингге Кыргызстан милициясынын 21 кызматкери катышты», — деп билдиришти элчиликте.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума