13:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Боршайком Дастан Жумабековдун төрөгөн келинге берген сүйүнчүсүн текшерет

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун Таласта төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы текшерилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланды. Маалыматка караганда, Таласка иш сапары учурунда төрага уулуна анын ысмын ыйгарган келинге сүйүнчү берген.

Белгилей кетсек, кечээ эле БШК «Кыргызстан» партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берди. Саясый уюм үгүт материалдарына балдардын сүрөтүн колдонгон.

Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар