20:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында, коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер, эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул туурулаа COVID-19: Республикалык штабы билдирет.

Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы «Рахат» эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат.

Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.

Эң көп окулган жаңылыктар