06:48
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда #Сакта #Защити Улуттук маалымат кампаниясы башталды

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө коомчулуктун биримдиги маанилүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 10-сентябрында #Сакта #Защити Улуттук маалымат кампаниясынын башталышына байланыштуу жарандарга кайрылуусунда айтылат.

Кампания COVID-19дун терс таасири жөнүндө, анын ичинде ден соолукту сактоо боюнча фейк жаңылыктардын жайылышына каршы чараларды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

«Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө элдин биримдигин бекемдөө акциянын дагы бир маанилүү максаттарынан болушу керек. Бул өзүнүн жана башкалардын ден соолугун коргоодо беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-бат жууп туруу, илдеттин белгилери байкалса обочолонуу сындуу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоо менен жарандык аң-сезимди жана жоопкерчиликти талап кылат. Жалпы аракет жана тартип менен гана бул ооруну жеңе алабыз», — дейт премьер-министр.

Улуттук маалыматтык программанын жүзөгө ашырылышы өлкө калкына оң таасирин тийгизип, аларды сергек жашоо образына жана ден соолукту сактоонун эрежелерин сактоого үндөйт деп ишенээрин билдирди Кубатбек Бонов.

Эң көп окулган жаңылыктар