02:25
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Баткендин белгилүү Зардалы айылына электр жарыгы жеткирилет

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына электр энергиясы тартылат. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынан билдиришти.

«Ошэлектр» ишканасы билдиргендей, Зардалы айылында 2 көмөк чордону жана узундугу 10 чакырым болгон жогорку вольттуу линия (10 кВ) салынат. Ошондой эле айылдан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан чек ара заставасында да электр зымдары (0,4 кВ) тартылат.

Жумуштар аяктаганга чейин Зардалы айылынын тургундарына 20 күн батареясы убактылуу колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Зардалы өлкөнүн борборунан эң алыс жайгашкан айылдардын бири. 

Эң көп окулган жаңылыктар