11:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Минскидеги нааразылык акциясында 200гө жакын адам кармалды

6-сентябрда президент Александр Лукашенкого каршы «Биримдик маршына» чыгып, кармалган 200 чамалуу адамдын тизмесин «Весна» укук коргоо борбору сайтына жайгаштырды. Тизме улам жаңыланууда. Беларус Ички иштер министрлиги болсо 100дөн ашуун адам кармалганын билдирди.

Укук коргоочулар жана журналисттер Беларустун Гродно, Брест, Баранович, Могилёв, Витебск шаарларында демонстранттар кармалганын маалымдашты. Tut.By басылмасы күбөлөрдүн маалыматына таянып, Гроднодо полиция демонстранттарга күч колдонгонун жазып чыкты.

Минскиде кармоо учурунда бир адамды «Тез жардам» алып кеткен. «Интерфакс» агенттиги трактор заводуна жакын жерде полиция менен кагылышуудан соң «Тез жардамга» бир нече киши кайрылганын билдирди.

Кармалгандардын арасында оппозициялык Координациялык кеңештин мүчөсү Ольга Павлова, «Экодом» компаниясынын башчысы Ирина Сухий жана «Радио Рацыянын» журналисти Артём Сизинцов бар.

Журналисттердин эсебинде, Минскиде 6-сентябрда нааразылык акциясына 100 миңге жакын киши чыкты. «Голос» кыймылы 119 миң адам чыкканын билдирди.

Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар