07:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев бийликтин аброюн түшүрдү. Башкы прокуратуранын билдирүүсү

Башкы прокуратура Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча жүргүзүлгɵн атайын операция тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жасаган билдирүүсүнɵ жооп берди. Башкы кɵзɵмɵл органдын пикири боюнча, ал мыйзамсыз болгон.

Эске салсак, ɵлкɵнүн мурдагы президенти крим тɵбɵл Азиз Батукаевди Кыргызстанга Жаныш Бакиевди жеткизүү үчүн бошотушкан деп айткан. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнɵ ылайык, Жаныш Бакиевди экстрадициялоо маселеси Жарандык, үй-бүлɵлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер кодексинин (Кишинев конвенциясы) жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын жоболоруна таянып гана жɵнгɵ салынат.

«Экстрадиция үчүн башка негиздер мыйзамда каралган эмес. Бул жагдай атайын операциянын мыйзамсыз экенин тастыктап, Жаныш Бакиевди кайтарып келүү кылмыштуу аракеттерин жүргүзүү үчүн калканч болуп берди. Ошондо мамлекет башчысы болуп турган Алмазбек Атамбаев материалдык жана башка пайда кɵрүү максатында, мамлекеттик жана сот органдарынын жетекчилери менен укукка каршы, туруктуу байланышын түзүп, крим тɵбɵл Азиз Батукаевди абактан бошотууну уюштурган. Ал ɵз аракети менен мамлекеттин аброюн түшүрдү. Бул окуя коомчулукта чуу салып, мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын болгон ишенимин тɵмɵндɵттү», — деп айтылат билдирүүдɵ.

Эң көп окулган жаңылыктар