12:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто мыйзамсыз жети тонна күрүч ташып келе жаткан жаран кармалды

Ошто мыйзамсыз жети тонна күрүч ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул туралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Ыкчам» бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда кыргыз жараны А.Б.Мнын башкаруусундагы «Камаз» үлгүсүндөгү таранспорт токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң килограм ак күрүч табылган.

Кармалган товардын баасы 735 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума