15:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эки айда COVID-19 илдетинен улам салык кызматынын жети кызматкери каза болду

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдеттеринен улам Мамлекеттик салык кызматынын жети кызматкери каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Салык кызматынын жетекчилиги жана кесиптештери кайтыш болгон кызматкерлердин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

  • Турат Имеров, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын улук инспектору;
  • Назгүл Керимакунова, Мамлекеттик салык кызматынын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  • Кубатбек Асанкожоев, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча башкармалыгынын улук инспектору;
  • Авазбек Маманазаров, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя боюнча башкармалыгынын улук инспектору;
  • Гулзаада Байгудинова, Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору;
  • Элмирбек Арзыматов, Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору;
  • Кенжеахун Бостонбаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарындагы жана ушул эле облустагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча орун басары.

«COVID-19 пандемиясынын курмандыгы болгондор үчүн 30-июль Улуттук аза күтүү күнүндө биз, коронавирус инфекциянын кесепетинен жакындарынан жана туугандарынан айрылган кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп билдирет Салык кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума