13:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сузакта милиция кызматкерлери аз камсыз болгон балдарга колдоо көрсөтүштү

Сузак райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери демөөрчүлөрдү таап, алардын колдоосу менен 20 балага мезгилдик кийим-кечектер тапшырылган.

«Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырышты. Ошондой эле азыркы кырдаалды эске алуу менен ар бир үй-бүлө жеке гигиеналык эрежелерди, санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилди. Ата-энелерди аптаптуу күндөрү өз балдарын көзөмөлгө алып, сууга түшүүдө этият болууга үндөштү», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар