17:09
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Токмокто мас абалындагы айдоочу унаасы менен тигүүчү цехке кирип кетти

Токмокто мас абалындагы айдоочу тигүүчү цехтин терезесинен кирип кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн эртең мененки саат алтыда болгон.

«Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаанын отуз алты жаштагы айдоочусу алгач тигүү цехинин тосмосуна кулап, андан кийин имараттын терезесине кирип кеткен. Цех жер төлөөдө жайгашкан. Тартип бузган жаран кармалып, унаасы убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулду», — деп берилет маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар