20:00
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов каза болду

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупция жөнүндө коомчулукка кеңири айтып берүүнү каалаган офицер Талгат Аланов каза болду. Бул тууралуу анын тууганы 24.kg агенттигине билдирди.

Фото Талгат Асановдун архивинен алынган сүрөт

Алдын ала маалыматтарга караганда, чек ара кызматынын подполковниги жүрөгүнөн приступ берип каза болгон.

«Анын алты баласы калды. Ал өзгөчө адам болчу. Мен дагы эле ишене албай жатам», — дейт тууганы.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Аланов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну суранган. Ал чек арадагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып берерин билдирген. Тактап айтканда, Талгат Асановдун айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги бир өткөрмө пункттан айына 200 миң сом алат деп болжолдонууда. Бирок, өлкө башчысы менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Кийинчерээк Талгат Алановду кесиптештери сотко берген. Офицерлер алардын ишкердик беделин коргоону өтүндү.

Буга жооп катары Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги аталган бөлүмдүн төрагасы Уларбек Шаршеевди жарыш сөзгө чакырган. Бирок дебат дагы өткөн жок.

Эң көп окулган жаңылыктар